МБКнын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште байгелүү орундарды ээлешти
26.10.20260
Адистештирилген окутуу бажысында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун арасында кызматтык иттерди үйрөтүүнүн жалпы курсу боюнча I ведомстволор аралык мелдеш өткөрүлдү.
Мелдешке Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте МБКнын командасы биринчи орунга ээ болду. Экинчи орунду ИИМдин командасы, үчүнчү орунду Мамлекеттик чек ара кызматынын командасы алды. Мындан тышкары, МБКнын кинологдору жеке эсепте биринчи жана экинчи орундарды камсыз кылышты.
Жеке эсепте Адистештирилген окутуу бажысынын кинологиялык даярдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Алексей Тарасенко Энцо аттуу кызматтык ити менен биринчи орунду ээледи. Ушул эле бөлүмдүн улук инспектору Наталья Гладкова Фрея аттуу кызматтык ити менен экинчи орунга татыды. Үчүнчү орунду «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын өкүлү Владимир Черкасов ээледи.
Кесиптик иш-чаралардын алкагында окутуу семинары да өткөрүлдү. Эл аралык эксперттин жетекчилиги алдында катышуучулар кызматтык иттерди даярдоодо жыт имитаторлорун жана индикация каражаттарын колдонуунун заманбап ыкмалары менен таанышышты.
Мелдештер Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.
Иш-чаралар Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уюштурулуп, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чаралар кесиптик тажрыйба алмашууга, кинологдордун көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана кызматтык иттерди даярдоонун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.


.jpeg)



