МБКнын командасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын эл аралык футбол турниринде жеңүүчү болушту
25.09.20260
Беларусь Республикасынын Брест шаарында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын өкүлдөрү арасында эл аралык футбол турнири болуп өттү.
Быйылкы турнир ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын 55-жыйынынын алкагында уюштурулду.
Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын командасы биринчи орунду ээлеп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.
Катышуучулар үчүн турнир спорттук мелдеш менен гана чектелбестен, расмий эмес шартта жолугушуп, тажрыйба алмашууга жана бажы кызматтарынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк түздү.
.jpeg)


.jpeg)
.jpeg)

