МБКнын кызматкерлери адам сатууга каршы күрөшүү боюнча семинарга катышышты

26.10.20260

2026-жылдын 12–16-октябрында Ысык-Көл облусунда адам сатууга каршы күрөшүү боюнча улуттук семинар-симуляциялык көнүгүү өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте уюштурулду.

Семинарга Түндүк-Чыгыш бажысынан, «Түндүк» темир жол бажысынан жана Адистештирилген окутуу бажысынан жети кызматкер катышты.

Көнүгүүнүн жүрүшүндө катышуучулар адам сатууга байланышкан кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу, мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү, иш-аракеттерди координациялоону жана маалымат алмашууну жакшыртууга багытталган практикалык кырдаалдарды иштеп чыгышты.

МБКнын кызматкерлеринин бул иш-чарага катышуусу кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, ошондой эле адам сатууга каршы күрөшүү жаатында мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түздү.