МБКнын кызматкерлери бажы тобокелдиктерин башкаруу боюнча окуудан өтүштү
30.10.20260
2026-жылдын 28–30-октябрь күндөрүндө Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери бажы тобокелдиктерин башкаруунун заманбап ыкмалары боюнча тренингге катышты.
Окуу бажылык контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана маалыматтарды, заманбап технологияларды, жасалма интеллектти жана машиналык окутууну колдонуу аркылуу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Тренингдин катышуучулары бажылык тобокелдиктерди башкаруу, мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуу жана транзиттик ташуулар учурунда мүмкүн болуучу укук бузууларды аныктоо боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышышты. Өзгөчө көңүл жасалма интеллектти колдонууга, маалыматтардын негизинде тобокелдиктерди баалоого жана тобокелдиктердин биргелешкен индикаторлорун иштеп чыгууга бурулду.
Практикалык сабактар бажылык контролду жүргүзүү үчүн операцияларды тандоо процессин моделдештирүүнү камтыды. Окутуунун акыркы күнүндө катышуучулар бажыдан кийинки аудиттин ыкмаларын, тобокелдиктердин негизинде текшерүү үчүн операцияларды тандоону жана контролдун жыйынтыктарын эске алуу менен тобокелдик профилдерин түзөтүүнү карап чыгышты.
Тобокелдиктерди башкаруу системасын (ТБС) өркүндөтүү бажы органдарына мүмкүн болуучу укук бузууларды так аныктоого, негизсиз текшерүүлөрдүн санын кыскартууга жана тышкы экономикалык иштин ак ниет катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Тренинг Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана Эл аралык соода борбору (ITC) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ready4Trade Борбордук Азия: Транскаспий транспорт коридору аркылуу өнүгүүгө карай жол» долбоорунун алкагында уюштурулду.
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)


.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

