МБКнын төрагасы «Иркештам» өткөрүү пунктун модернизациялоо долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты

21.07.20260

Бажы органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун алкагында 2026-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.А. Салиев «Иркештам» өткөрүү пунктуна барды.

Иш сапардын жүрүшүндө МБКнын төрагасы «Иркештам» өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү, ошондой эле өткөрүү пунктунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана көзөмөлдөн өтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик көзөмөл органдарынын ишин уюштуруу менен таанышты.

МБКнын  төрагасы Борбордук Азия менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы негизги транзиттик өткөрүү пункттарынын бири болуп саналган «Иркештам» өткөрүү пунктунун стратегиялык маанисин белгиледи.

Белгилүү болгондой, учурда Мамлекеттик бажы кызматы «Иркештам» өткөрүү пунктун модернизациялоо боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууда. Долбоор аяктагандан кийин өткөрүү пунктунун долбоордук өткөрүү жөндөмдүүлүгү бир багытта 1000 транспорт каражатына чейин жетет.

Бул багытта төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:

  • өткөрүү пунктунун аймагы 8 гектарга чейин кеңейтилүүдө;
  • жаңы объекттер курулууда, анын ичинде өткөрүү пунктунун ичинде унаа тилкелери көбөйтүлүп, кирүү үчүн 6 жана чыгуу үчүн 4 тилке уюштурулууда;
  • саатына 120 транспорт каражатын өткөрүүгө жөндөмдүү заманбап инспекциялык-текшерип кароо комплекси курулууда;
  • жол инфраструктурасы өнүктүрүлүүдө;
  • кошумча аянтчалар курулууда.

Иш сапардын жыйынтыгында өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн жана модернизациялоо иштеринин жүрүшүн эске алуу менен тышкы экономикалык иштин катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик көзөмөл органдарынын кызматташтыгын күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, «ГТИ» ААКка жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин тездетүү, подряддык уюмдар, ошондой эле тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен өз ара иш алып барууну жакшыртуу жана активдештирүү аркылуу жаңыланган өткөрүү пунктун мүмкүн болушунча эртерээк аяктап, пайдаланууга берүү боюнча тапшырмалар берилди.