Министрлер Кабинетинин төрагасы «Торугарт» өткөрүү пунктун модернизациялоо пландары менен таанышты

25.11.202518

2025-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна иш сапарынын алкагында кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктуна барды.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев өткөрүү пунктун модернизациялоо жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде инфраструктураны, контролдоочу органдардын иштөө шарттарын жакшыртуу жана бажы көзөмөлүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча маалымат берди.

"Торугарт" өткөрүү пунктун реконструкциялоо долбоору сунушталды, анда аймакты кеңейтүү, заманбап интрузивсиз текшерүү жабдууларын орнотуу, унаа токтотуучу жайларды түзүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү каралган.  Долбоордун ишке ашырылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өсүп жаткан товар жүгүртүүнүн шартында өткөрүү пунктунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.