Намазов Акылбек Закирович Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
12.03.20250
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп Намазов Акылбек Закирович дайындалды. Тиешелүү буйрукка 2025-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кол койду.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев ведомствонун өздүк курамына Акылбек Намазовду расмий тааныштырды.
Кыскача өмүр баяны:
Намазов Акылбек Закирович 1971-жылы 3-апрелде туулган.
Билими:
• 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «Аскерге чакырууга чейинки жана дене тарбия» адистиги боюнча аяктаган.
• 2003-жылы Россия Федерациясынын ФКК академиясын «Коопсуздук органдарынын оперативдүү ишмердүүлүгү» адистиги боюнча аяктаган.
• 2013-жылы Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» адистигин аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
• Кесиптик карьерасын 1991-жылы баштаган.
• 2021-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын бажы органдарына кызматка алынган.
• «Оперативдүү», «Түштүк-Батыш», «Түндүк-Чыгыш» бажыларынын башчысынын орун басары жана башчысы кызматтарын аркалаган.
• Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгын жетектеген.
2025-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.