Нарын шаарында электрондук декларациялоонун жаңы системасы боюнча окутуу өткөрүлдү
24.11.20260
«Смарт Бажы» улуттук санариптик платформасынын «Э-ДТ» модулун ишке киргизүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы органдарынын кызматкерлерин жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларын окутууну улантууда.
2026-жылдын 23-ноябрында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен «Нарын» бажысында 40 адам: 20 бажы кызматкери жана тышкы экономикалык иштин 20 катышуучусу окутуудан өттү.
Катышуучулар электрондук декларациялоонун укуктук негиздери менен таанышып, жаңы системанын мүмкүнчүлүктөрү – декларацияларды жана документтерди түзүү жана тапшыруу, электрондук кол тамганы колдонуу, ошондой эле бажы органдары менен санариптик форматта өз ара аракеттенүү боюнча практикалык маалымат алышты.
ТЭИнин катышуучулары үчүн кезектеги окутуу сессиялары Бишкек (25-ноябрь), Ош (30-ноябрь), Кызыл-Кыя (2-декабрь) жана Манас (3-декабрь) шаарларында өткөрүлөт.
Онлайн катталуу: https://gts-ved-registration.vercel.app
Сурап-билүү телефону: 0888 180 880.