Некролог

18.05.20251

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын ардагерлер союзунун Төрагасы Кемелбаев Карыбай мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен билдирет.

Кемелбаев Карыбай Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын түптөлүшүнүн башында турган. Ал 30 жылдан ашуун өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнап, Бажы системасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого олуттуу салымын кошкон. Анын жогорку кесиптик жана адеп-ахлактык сапаттары кесиптештери жана шакирттери үчүн үлгү болуп калды.

Кемелбаев Карыбай өмүрүнүн акыркы жылдарында Бажы кызматынын ардагерлер союзун жетектеп, ардагерлерди жана алардын үй-бүлөлөрүн активдүү колдоп, жаштар арасында патриоттук тарбияны өнүктүрүүгө салым кошкон.

Кемелбаев Карыбайдын жаркын элеси аны тааныгандардын жана мекен үчүн эмгектенгендердин жүрөгүндө түбөлүккө кала берет.