«Ош», «Джалал-Абад» жана «Баткен» бажы органдарында коррупцияга каршы иш-чаралар өткөрүлдү

26.05.20261

«Ош», «Джалал-Абад» жана «Баткен» бажы органдарында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга, кызматтык тартипти чыңдоого жана кызматкерлер арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга багытталган алдын алуу иш-чаралары уюштурулду.


Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк башкармалыгынын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.


Жолугушуулардын жүрүшүндө кызматкерлерге коррупцияга каршы мыйзамдардын ченемдери түшүндүрүлүп, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралары, ошондой эле кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери каралды.


Мындан сырткары тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, анда бажы мыйзамдарын сактоо жана бажы операцияларын жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери талкууланды.

Видеону көрүү үчүн басыңыз