Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан конкурс жарыялайт

14.02.20255

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан конкурс жарыялайт:

-Кыргыз Республикасынын кадрлар резервине;

-Адистештирилген-окутуу бажысынын ветеринардык кызматынын бөлүнүшүнө бош кызмат орундарына;

-Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык технологиялар бөлүнүштөрүнүн бош кызмат орундарына;

-Россия Федерациясы тарабынан бөлүнгөн квота боюнча Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын багыты боюнча күндүзгү окуу бөлүмүн аяктаган Россия Федерациясынын Бажы академиясынын бүтүрүүчүлөрү үчүн.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарына кызматка аскердик кызматтан же запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик кызматтан өткөн адамдар дайындалат (маалыматтык технологиялар багыты боюнча кадрлар резервине кирүүгө талапкерлерди кошпогондо).

Маалымат иретинде, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына башка мамлекеттин жарандыгы жок жана ден соолугу жана психофизиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө жарактуу деп табылган Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу түрдө кызмат өтөөгө кабыл алынаарын маалымдайбыз.

Мындан тышкары, укук коргоо органдарына кызматка кирип жаткан талапкерлер кылмыш иши боюнча же жосунсуз жоруктар боюнча шектүү же айыпталган адамдар боло албайт.

 Арыздар жана ага байланыштуу документтер 2025-жылдын 10-февралынан 17-мартын кошуп төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек ш., Байтик Баатыр көч.4а. Коомдук кабылдама.

Маалыматтар үчүн тел.: 0312-510651 кош. (148), 0312-512443.

Документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү: саат 9.30 - 17.30 чейин.

 Конкурска келген жарандар классикалык кийим кийип келүүгө жана тыкан болууга тийиш (тийиштүү кийим менен келбеген жарандар административдик имартка киргизилбейт).

Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кадрлар резервине талапкерлерге жана Россия Федерациясынын Россия бажы академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө квалификациялык талаптар:

 - жарандыгы – Кыргыз;

- жашы – 35 жашка чейин;

- билими жогорку;

- компьютердик сабаттуулук;

- ызматтык (функционалдык) милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү;

- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды билүү, ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдоно билүү;

- ишти рационалдуу пландоо жана кызматтык убактысын туура бөлүштүрүү көндүмү;

- маалыматты чогултуу, талдоо, системага салуу жана жалпылоону билүү;

- критикалуу кырдаалда чечим кабыл алууну жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартууну билүү.

 Адистештирилген окутуу бажысынын ветеринардык кызматынын түзүмдүк бөлүнүшүнө талапкерлерге карата квалификациялык талаптар:

- жарандыгы – Кыргыз;

- жашы – 35 жашка чейин;

- билими жогорку (ветеринардык медицина, зоотехника же биология чөйрөсүндө);

- компьютердик сабаттуулук;

- кызматтык (функционалдык) милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү;

- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарды билүү;

- дарылоо-профилактикалык, эпизоотияга каршы жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды өткөрүү боюнча практикалык иш тажрыйбасы, ошондой эле жаныбарларды багуунун ветеринардык жана зоогигиеналык эрежелерин колдонуу чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы;

- ишти рационалдуу пландоо жана кызматтык убактысын туура бөлүштүрүү көндүмү;

- маалыматты чогултуу, талдоо, системага салуу жана жалпылоону билүү;

- критикалуу кырдаалда чечим кабыл алууну жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартууну билүү.

 Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын маалымат технологияларынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнө бош кызмат орундарына карата жалпы квалификациялык талаптар:

- жарандыгы – Кыргыз;

- жашы 21 жаштан кичүү эмес;

- билими жогорку (IT-технологиялар тармагында);

- IT-чөйрөсүндө иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;

-IT-чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды билүү жана аларды практикада колдонуу;

- объекттик-ориентациялык программалоонун принциптерин түшүнүү;

- MS Windows Server 2008/19 (Администрациялоо DNS, DHCP, Active Directory, MS Exchange) иштөө принциптерин билүү;

- иштиктүү кат алышууну мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүүнү билүү;

- кардардык ОС Microsoft Windows жана офистик программалардын негизги пакеттерин билүү;

- техникалык колдоо (орнотуу, жөндөө, бузууларды жок кылуу, диагностика, оргтехниканын комплекттөөчү жана чыгымдоо материалдарын алмаштыруу);

- Linux базасында операциялык системалары боюнча базалык билимдер;

- англис тилин техникалык документтерди окуу жана түшүнүү деңгээлинде;

- командада иштегенди билүү, стресске туруктуу;

- web – иштеп чыгуулар чөйрөсүндө иш тажрыйбасы;

- IP-тармактар, Ethernet технологиялар, TCP/IP, VLAN, VPN иштөөсү тууралуу түшүнүктөрдүн болушу, OSI жети деңгээлдүү моделин, каттам түзүү принциптерин билүү;

-критикалуу кырдаалда чечим кабыл алууну жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартууну билүү;

- бизнесс-процесстерди талдоону жана документтерди (техникалык тапшырмалар, регламенттер, нускамалар) даярдоону билүү;

- тармактарды жана протоколдорду түзүү архитектурасынын принциптерин билүү; 

- СУБД менен иштөө көндүмдөрү жана маалымат базасын администрациялоо тажрыйбасы: MS SQL, PostgreSQL ж.б.;

- ПК аппараттык бөлүгүн билүү жана диагностикалоо, бузууларды жок кылуу көндүмдөрүнө ээ болуу.

 Зарыл документтер:

- жеке арыз;

- кадрларды эсепке алуу баракчасы;

- автобиография;

- автобиографиялык реферат (3-барактан кем эмес);

- тиешелүү жогорку билимин, квалификациясын жана атайын билимин ырастаган документтердин, ошондой эле окуу мезгилинде алган баалары менен документтердин тиркемелеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (документтерди тапшырууда түп нускасы көрсөтүлөт, биринчи жолу кызматка кирип жаткан жарандардан тышкары) (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

- аскердик билеттин көчүрмөсү (эркек жарандар үчүн) (түп нускасы документтерди тапшырууда көрсөтүлөт);

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы документтерди тапшырууда көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

Эскертүү: паспорттордун жаңы үлгүлөрүнүн ээлери паспорт столунан (КТБ), үй башкармалыгынан, айылдык Кеңештен катталган жерин көрсөтүү менен маалымкат беришет;

- балдардын туулгандыгы (балдары бар болсо) жана никелешүү (эгерде никеде турган болсо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- кызматка кирүүдө кеңейтилген атайын текшерүүнү жүргүзүү үчүн жакын туугандарынын (атасы, апасы, аялы, күйөөсү, ага-инилери жана эже-сиңдилери) паспортторунун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;

Эскертүү: жакын туугандары, паспорттордун жаңы үлгүлөрүнүн ээлери паспорт столунан (КТБ), үй башкармалыгынан, айылдык Кеңештен катталган жерин көрсөтүү менен маалымкат беришет;

- 3төн кем эмес сунуштама кат;

- амбулаториялык картадан көчүрмө (жашаган жери боюнча терапевттен маалым кат);

- наркологиялык диспансерден маалымкат (жашаган жери боюнча же республикалык наркологиялык диспансерден);

- психоневрологиялык диспансерден (жашаган жери боюнча же республикалык психоневрологиялык диспансерден) маалымкат;

- тери-венерологиялык диспансерден маалымкат (жашаган жери боюнча же республикалык тери-венерологиялык диспансерден);

- кызыл фондо 9⨯2 (1 даана) жана 3⨯4 (4 даана) сүрөттөрү.