Россиянын Бажы академиясында кыргызстандык студенттер менен жолугушуу болуп өттү
08.04.20250
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Джоошбеков Нурбек Нарынкулович Россиянын Бажы академиясынын Кыргызстандан келген студенттери – келечектеги бажы тармагындагы адистер менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө күзгү-кышкы семестрдин жыйынтыгы чыгарылды: аралык аттестациянын жыйынтыгы, студенттердин академиянын илимий жана маданий турмушуна катышуусу талкууланып, алдыдагы жазгы семестрдин пландары белгиленди.
Мындай иш-чаралар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин студенттери үчүн жагымдуу, колдоочу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана Биримдиктин алкагында интеграциялык байланыштарды тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, КР Мамлекеттик бажы кызматы Россиянын Бажы академиясына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алууну улантууда. Кыргызстандык абитуриенттер документтерин 2025-жылдын 17-апрелине чейин тапшыра алышат.

