ТМУ өлкөлөрүнүн бажы кызматтары кызматташтыкты чыңдоодо: Будапештте жолугушуу

16.04.20250

2025-жылдын 14-апрелинен 15-апрелине чейин Венгриянын Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкөлөрдүн Бажы кызматтардын жетекчилеринин Биринчи расмий эмес жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын, Венгриянын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын бажы кызматтарынын жетекчилери, ошондой эле ТМУнун башкы катчысы катышты.

Венгрия тарабы уюштурган жолугушуу бажы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуу үчүн платформа болду. Катышуучулар төмөнкүлөрдү талкуулашты:

  • жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу;

  • тобокелдиктерди башкаруу системасын өнүктүрүү;

  • eTIR эл аралык электрондук транзит системасын ишке ашыруу;

  • тажрыйба алмашуу жана ведомстволор аралык байланыштарды чыңдоо.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.А. Салиев өз сөзүндө Мамлекеттик бажы кызматынын бажы жол-жоболорун санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери, анын ичинде «Смарт Бажы» улуттук санариптик платформасын ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштырып, ТМУ өлкөлөрүндө колдонулган электрондук санариптик кол тамгаларды өз ара таануу маселесин кароону сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында электрондук сооданы колдоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ТМУ өлкөлөрүнүн бажы органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Жолугушуунун алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы менен Венгриянын Түркиянын жана Өзбекстандын бажы администрацияларынын жетекчилеринин ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.