«Түндүк-Чыгыш» бажысында коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоо маселелери талкууланды

08.06.20261

«Түндүк-Чыгыш» бажысында Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча алдын алуу иш-чарасы өттү.


Коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптары, кызматтык этиканын сакталышы жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча чаралар каралды. Кызматкерлерге кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруунун, тартипти сактоонун жана жумуштагы ачык-айкындуулук принциптеринин маанилүүлүгү эскертилди.


Коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга, кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин жогорулатууга жана ар кандай мыйзам бузууларга жол бербөө мамилесин калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Видеону көрүү үчүн басыңыз