«Түндүк» темир жол бажысы 9,5 тоннадан ашык декларацияланбаган товарларды аныктады

01.10.20260

«Түндүк» темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Түркиядан мыйзамсыз декларацияланбай ташылып келинген товарларды аныкташты.

Бажылык тыкыр кароонун жүрүшүндө «F.» ЖЧКнын дарегине келген жалпы салмагы 9 510 кг түзгөн товарлар аныкталды. Алардын арасында кабелдик кесиндилер, агым датчиктери, кабелдик туташтыргычтар, редукциялар, контакторлор, электр энергия булактары, клавиатура панелдери, модемдер, күчөткүчтөр жана кыргычтар комплекти бар.

Документтерге ылайык, аныкталган товарлардын жалпы наркы 12 396 414 сомду, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 2 292 538 сомду түзгөн.

Бул факт боюнча материалдар белгиленген тартипте катталып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында республикалык бюджетке 5 037 854 сом өндүрүлүп, бул мамлекетке келтирилген зыяндын эки эселенген өлчөмүн түздү.