Товарларды классификациялоо бөлүгүндө бажы мыйзамдарын бузуулар аныкталды
30.05.20250
«Ош» бажысынын түштүк аймагы боюнча бажылык текшерүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ аймагына ташылып келинген унааларды туура эмес декларациялоо фактыларын аныкташты.
Жеке жактарга карата камералдык текшерүүнүн жүрүшүндө декларацияларды тапшырууда ЕАЭБ ТН ТЭИ боюнча классификациялоодо каталар кетирилгендиги, бул бажы төлөмдөрүнүн төмөндөтүлүшүнө алып келгендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча туумду эске алуу менен 248 859 сом кошумча эсептелген.