Товарлардын бажы наркын төмөндөтүү фактысы аныкталды: мамлекеттик бюджетке 2,1 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү

06.07.20260

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери текстиль продукциясынын бажы наркын төмөндөтүү фактысын аныкташты.

Түркмөнстандан «М.Т.» ЖЧКсынын дарегине «Кант» бажылык тариздөө жайына жалпы салмагы 21 656 кг түзгөн текстиль продукциясынын партиясы келип түшкөн. Документтерди текшерүү учурунда бирдей реквизиттерге ээ болгон, бирок товардын наркы ар башка көрсөтүлгөн эки эсеп-фактура аныкталган. Биринчи эсеп-фактурада товардын наркы 11 573 АКШ доллары, ал эми экинчисинде 56 610 АКШ доллары деп көрсөтүлгөн.

Берилген маалыматтардын аныктыгын текшерүү максатында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан Түркмөнстандын бажы органдарына суроо-талап жөнөтүлүп, натыйжада 56 610 АКШ доллар көрсөтүлгөн эсеп-фактура анык деп тастыкталган.

Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 2 108 794 сомду түздү. Аталган факты боюнча материалдар андан аркы процесстик иш-чараларды жүргүзүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген 2 108 794 сом өлчөмүндөгү зыян толук көлөмдө өндүрүлүп, мамлекеттин кирешесине чегерилди.