Унааны жалган декларациялоо: бюджетке 2,4 млн сом өндүрүлдү

02.02.20260

  Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери автотранспорт каражатынын чыгарылган жылын жалган декларациялоо фактысын аныкташты. Кытай Эл Республикасынан транзиттик декларациянын негизинде алуучу «В. З. Ю.» дарегине Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаа «Түндүк-Чыгыш» бажысынын «Кант» БТЖга келген.

Бажы контролун жүргүзүүдө эл аралык ISO стандартына жана ЕЭКтин №74 чечимине ылайык, VIN-номердин онунчу белгиси («M») унаанын 2021-жылы чыгарылганын көрсөткөнү аныкталды. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, унаа иш жүзүндө 2015-жылы завод-өндүрүүчү тарабынан чыгарылган. Жалган декларациялоонун натыйжасында мамлекетке 2 484 898 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, материалдар укуктук баа берүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында республикалык бюджетке 2 484 898 сом өндүрүлдү.