Жарандарга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына маалымат

15.05.20250

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-автожол” өткөрүү пунктунда жагымсыз аба ырайы – калың кар жаап, муз тоңуп жаткандыгын билдирет.

Учурда жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында унаалардын кыймылына көзөмөл жүргүзүлүүдө.

«Торугарт-автожол» көзөмөл өткөрүү пункту деңиз деңгээлинен болжол менен 3800 метр бийиктикте жайгашкан, бул аба ырайынын кескин начарлашына жана жолдордо муздун тоңушуна алып келүү ыктымалдыгын жогорулатат.

Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларын маршруттарды пландаштырууда бул маалыматты эске алууга, ал эми айдоочуларды жолдордо этият болууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Жарандарга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына маалымат (видео)