Төраганын кайрылуусу

Урматтуу коноктор!

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтына кош келиңиздер! 

Заманбап бажы кызматы мыйзамдарды сактоодо, өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоодо жана эл аралык сооданы жөнөкөйлөтүүдө негизги ролду ойнойт. Биздин ишибиздин маанилүү багыты кардарларга багытталган векторго өтүү болуп саналат, мында артыкчылык башкарууга гана эмес, сервиске жана өз ара аракеттенүүгө берилет. Буга байланыштуу биз бизнес жана жарандар менен өз ара аракеттешүү ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушу үчүн бардык процесстерди максималдуу ачык-айкындуулукка, натыйжалуулукка жана санариптештирүүгө умтулабыз.

Акыркы жылдары биз бажы инфраструктурасын жакшыртуу, заманбап технологияларды киргизүү жана жол-жоболорду автоматташтыруу үстүндө жигердүү иштеп жатабыз. Эл аралык байланыштарды чыңдоону, соода операцияларын жөнөкөйлөтүүнү жана чек араларыбызда коопсуздукту жакшыртууну улантуудабыз.

Жаңы сайттын ишке киргизилиши менен биз сиздерге актуалдуу маалыматтарга, жаңылыктарга, ченемдик актыларга жана интерактивдүү сервистерге ыңгайлуу мүмкүнчүлүк берүүгө умтулабыз. Бул сайт-жөн гана маалыматтык платформа эмес, бажы процесстерин санариптештирүүгө жана автоматташтырууга жараша жаңы электрондук сервистерди сунуштоо менен өнүгө турган толук кандуу портал.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы

бажы кызматынын полковниги

А.А. Салиев