Техникалык иштер боюнча билдирүү
31.03.20252
2025-жылдын 1-апрелинен тарта Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутумдун (ЕАЭБ Программаллык камсыздоо) программалык камсыздоосун модернизациялоо боюнча техникалык иштер жүргүзүлө турганын КР Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Мындан улам системанын иштөөсүндө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.
Бул иштер ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосунда транзиттик ташууларга мониторинг жүргүзүүдө маалымат алмашуунун алкагында жүргүзүлүүдө. Алмашуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын 2023-жылдын 8-декабрындагы №44/14 Чечиминин талаптарын эске алуу менен 15/6 Технологиясына ылайык жүргүзүлөт.